Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын 22-январдагы жыйынында төраганын орун басары Нурбек Алимбековду кызматтан түшүрүү маселесин карап жатат.
Депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, 20-21-январь күндөрү төрага Асылбек Жээнбековдун ыйгарым укуктарын аткарып жаткан Н.Алимбеков Жогорку Кеңештин регламентинин бир нече беренелерин бузду. "Аталган күндөрү Алимбеков "Кыргызстан" фракциясынын өкүлү экенин белгилеп, ушул эле фракциянын кызыкчылыгын коргогонун айткан. Борбордук шайлоо комиссиясынын мандаттан ажыраган депутаттар боюнча маалыматын угуу маселеси күн тартибине киргизилген, бирок улам-улам каралбай кала берген. Ал парламенттин жыйындарында фракцияларга бирдей шарт түзбөй койду",- деди Жээнчороев.