Бүгүн, 22-январда «Республика – Ата Журт» фракциясы вице-спикер Нурбек Алимбековго ишенбөөчүлүк жарыялап, аны кызматтан алуу маселесин жабык эшик артында карап жатат. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов журналисттерден жана катчылыктардын өкүлдөрүнөн сыртка 5 мүнөткө чыгып турууну суранды.
Айта кетсек, бул маселени кароонун алдында депутат Мирлан Жээнчороев фракция Н.Алимбековду эмне себептен кызматтан алгысы келип жатканын айткан.