Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясы вице-спикер Нурбек Алимбеков боюнча чечим кабыл алды. Бул чечимди фракциянын депутаттары бир добуштан кабыл алышты.
Чечимге ылайык, аталган фракция Н.Алимбековго ишенбөөчүлүк жарыялады. Мындан тышкары Н.Алимбековду вице-спикерликтен алуу маселеси парламенттин жыйынында каралмакчы. Ошондой эле бул чечим төрага Асылбек Жээнбековдун атына 2016-жылдын 1-февралына чейин жөнөтүлмөкчү.