Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-январда "Ата Мекен" фракциясынын жаңы депутатына мандат берет. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Эскерте кетсек, жакында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев өз каалоосу менен арыз жазып, мандатын тапшырган. Партиянын тизмеси боюнча Сапарбаевдин ордуна Абдимуктар Маматов келмекчи.
Сапарбаев депутаттыктан баш тартуусун өзүнүн бизнеске өтүшү менен байланыштырган.