2015-жылы бюджеттер аралык трансферттер боюнча республикалык бюджеттин чыгымы 2 миллиард 563 миллион 900 миң сомду түздү. Теңдештирүүчү гранттар 1 миллиард 349 миллион 200 миң сомду, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү каражаттар 1 миллиард 214 миллион 700 миң сомду түздү.
Каржы министрлигинин 22-январда билдиришинче, 2015-жылга теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 милилард 349 миллион 203 миң сом суммасында бекитилген. “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш", - деп айтылат маалыматта.