Бүгүн, 22-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын бош болгон эки мандаты партиянын тизмесиндеги кийинки орундарда турган талапкерлерге берилди. Токтомго ылайык, депутаттык мандаттар Урматбек Самаев менен Алмазбек Токторовго өткөрүлдү.
Айта кетсек, кечээ, 21-январда Жогорку Сот Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы депутаттык мандаттан ажыраткан.