Түркиянын Анкара шаарында өткөн Кыргыз-түрк соода-инвестициялык форумунун алкагында 22-январда бир катар документтерге кол коюлду. Экономика министрлигинин билдиришинче, кыргыз-түрк кызматташтыгы тармагында 3 документ түзүлдү. Алар:
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркиянын "Остим" өндүрүш зонасынын Башкы дирекциясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркиянын чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик уюмунун ортосундагы чакан жана орто ишкердик тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркиянын Биржа жана соода палаталар союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.