Молдовада парламентти таратуу талабы менен чыккан элдин нааразычылыгы уланууда

Молдованын өкмөт башчылыгына Демократиялык партиянын өкүлү Павел Филип келгенден кийин 20-январда 1000дей киши нааразычылыкка чыккан. Реформаны талап кылып чогулгандар парламентти таратып, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү керектигин айтышууда. Социалисттер партиясынын лидери Игорь Додон бүгүн чогулгандарга талап аткарылмайынча аянттан кетпей турганын айтканын Молдованын ММКлары жазышууда.
"Эртең саат 10:00дө кайрадан “чатыр шаарчасына” чогулабыз. Өкмөткө коюлган талаптарыбыз аткарылмайынча митингди токтотпойбуз, аягына чейин турабыз. Алар парламентти таратышат же биз митингди уланта беребиз. Баарыбыз биргеликте бул бийликке каршы турабыз”,- деп сүйлөдү Додон.

Түштөн кийин оппозиция лидерлери Игорь Додон, Ренато Усатый жана Андрей Нестасе парламент төрагасы Андриан Канду менен жолугушуп: "Парламент жаңыдан шайланган премьер-министр Павел Филиптин талапкерлигин кайра карасын же биз каршылык акцияларды өлкөнүн бардык аймактарында өткөрө беребиз",- деген талап коюшту.
Оппозиция Кандуну бул талаптарга бир сутканын ичинде жооп берүүгө макул кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан