Президент Алмазбек Атамбаев "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Мыйзам чакан электр энергетиканын өнүгүшүнүн негизи болгон укуктук базаны түзүүгө багытталган. Бул мыйзам менен "чакан электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар" деген түшүнүк киргизилүүдө.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.