Онкологиялык ооруларды аныктай турган медициналык заманбап техникалардын тартыштыгы көйгөйлүү маселеге айланды. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бул жагдайды жеринде көрүп чыгуу үчүн 22-январда Улуттук онкологиялык борбордо көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз: “Калкка онкологиялык жаатта көрсөтүлүүчү кызматтар акысыз болуш керек" деп мыйзамда так жазылган. Андай болгон соң, мамлекет жылына 3 миллиарддан ашык каражат карашы керек болот. Иш жүзүнө келгенде муктаждыктын 13 пайызын гана жаба турган сумма бөлүнүп жатат. Мунун өзү онкологиялык тармакка каралган жардамдардын 90 пайызга жакыны ишке ашпагандыгын көрсөтүүдө”,- деп айтты.
Ошондой эле комитет төрагасы бул борбордогу “АГАТ” аталышындагы айымдардын саламаттыгын текшерүүчү жабдыктын иштебей туруп калганына 3 жыл болгонун белгилеп, ал эми бул маселе чечилгенче канчалаган илдеттен жабыркагандардын өмүрүнө зыян келип жатканын айтты. "Жакынкы аралыкта өкмөт бул маселени колго алып, 32 миллион рубль турган “АГАТ” деген медициналык техниканы сатып алуу ниетин билдирүүдө",- деп кошумчалаган Садык Шер-Нияз бир аппаратты алуу менен онкологиядагы бардык маселе чечилип калбастыгын да эскертти.
Ошол эле комитеттин көчмө жыйынына катышкан депутат Махабат Мавлянова статистика боюнча 1 миллион калкка нур менен ич көңдөйүн текшере турган бир жабдык жете турган болсо, анда 6 миллион калкка кеминде 6 аппаратуранын зарыл экенин белгиледи.