Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Катардын Кыргыз Республикасындагы элчиси Мохамед бин Арар аль-Наими менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты.
Төрөбаев акыркы мезгилде Кыргыз Республикасы-Катар кызматташтык мамилелери чыңдалып баратканын белгиледи. "Ушу тапта Кыргыз Республикасы менен Катардын ортосунда 7 келишим түзүлүп, бир катар долбоорлор ишке ашырыла баштады. Айрыкча биздин фракция жигердүү иш алып барган айыл чарба тармагындагы мамилелердин жанданып жатканы кубанычтуу. Кандай форматта болбосун, биз Катар тарап менен тыгыз кызматташууга кызыкдарбыз",- дейт ал.
Ал эми Катар элчиси президент Алмазбек Атамбаевдин Катарга жасаган сапарынан кийин эки өлкөнүн кызматташтык мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлүп, эки тарапка тең пайдалуу бир катар долбоорлор иштелип чыкканын билдирди. "Жакында Катардын ишкерлер тобу кыргыз экономикасынын мүмкүнчүлүгү менен жеринен таанышып, экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо, экономикага инвестиция салуу ниетин айтышууда",- дейт ал.
Элчи мырза Катар ишкерлерин Кыргыз Республикасында эт, бал, жер-жемиш сындуу өнүмдөрдү экспорттоо маселеси кызыктырып жатканын, ал үчүн адегенде заманбап мал союучу жайлар менен логистикалык борборлорду куруу зарылдыгын белгилеп, азыркы учурда аларды Катарга ташып-жеткирүү маселелерин чечүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Ал бул багытта кыргыз парламентинин бардык фракциялары менен биргелешип иш алып баруу ниети бар экенин кошумчалады.