Депутаттар коррупция боюнча маалымат берген адамга акчалай сыйлык көрсөтүүнү демилгелешүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттары "Коррупциялык укук бузуу боюнча маалымат берген адамдарды коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун маалым кат-негиздемесине ылайык, бул документ мамлекеттик мекемелерде, жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарда же ишканаларда мыйзамсыз аракеттер жөнүндө маалыматты коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн берген адамды коргоого багытталган.

Депутаттар бул мыйзам долбоору аркылуу коррупциялык укук бузуу жөнүндө маалыматты берген адамга акчалай сыйлык көрсөтүүнү демилгелешүүдө. Долбоордун «акчалай сыйлык жөнүндө» беренесине ылайык, коррупция боюнча маалыматты тиешелүү мекемеге (ИИМ, УКМК ж.б.) берген адамга паранын көлөмүнүн 30 пайызына тең акчалай сыйлык көрсөтүлмөкчү.

Айта кетсек, бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары А.Салянова, Ө.Текебаев, Н.Никитенко, Д.Бакчиев, Д. Бекешев, А.Өмүрбекова, И.Масалиев даярдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан