Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 25-январда теолог Кадыр Маликов менен жолугушуп, тараптар өлкөдөгү диний кырдаал, терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүүдө мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын концепциясынын ишке ашырылышын талкуулашты.
Өлкө жетекчиси экстремисттик багыттагы кылмыштардын алдын алууда жана өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн коркунучтарды жоготууга өз убагында чара көрүүдө эксперттик коомчулуктун ролу зор экенин белгиледи.
Теолог көрсөткөн каржылык жардамы үчүн президентке ыраазычылык билдиргенин кабарлашты президенттик аппараттан.
Эскерте кетсек, былтыр ноябрда Кадыр Маликовго кол салуу болуп, денесинен жаракат алган.