67 жаштагы Марсело Ребело Португалиянын президенти болуп шайланды

24-январда Португалияда өткөн президенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын талапкери Марсело Ребело де Соза жеңишке жетишти. Маалыматты аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме берип 25-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

67 жаштагы Марсело Ребело ди Соза 1-турда шайлоочулардын 52 пайыз добушун алып, президент болуп шайланды. Ал эми анын негизги атаандаштарынын бири Антониу Сампайо да Новоа 23 пайыз добуш чогултту. Шайлоого жалпысынан 10 талапкер ат салышкан. Калган 8 талапкер 4төн 10 пайызга чейинки гана добушту жыйноого жетишишкен.

2006-жылдан бери өлкөнү башкарып келген 76 жаштагы президент Анибал Каваку Силва кызматын ушул жылы 9-мартта өткөрүп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан