Өкмөт: "Турак жайды камсыздандырбагандарга айып салынбайт, бирок үйлөрү зыянга учураганда мамлекет аларга компенсация төлөп бербейт"

Турак жайды камсыздандырбагандарга айып пул салынбайт, бирок табигый кырсык же өзгөчө кырдаал болуп, үйлөрү жабыркаганда мамлекет аларга компенсация төлөп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда маалымат жыйынында вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн аймагында жыл сайын өзгөчө кырдаалдар же табигый кырсыктар орун алып, турак жайлар зыянга учурап, мындан улам көптөгөн жарандар үй-жайсыз калышууда. "Өкмөт аларга жардам бериш үчүн бюджеттен акча каражат издей баштайт эмеспи. Ошондуктан үй-жайсыз калган жарандарга турак жайларын калыбына келтирүүгө компенсация төлөп бериш үчүн милдеттүү камсыздандыруу программасы демилгеленген. Компенсацияларды төлөп бере турган Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы түзүлгөн",- деди Панкратов.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев айыл жергесиндегилер турак жайды камсыздандырууга айына 50 сомдон, ал эми жылына 600 сомдон төлөшөрүн билдирген. "Эгерде турак жай кандайдыр бир себептер менен жабыркаган болсо, мамлекет тараптан 500 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу акысы берилет",- деген өкмөт башчы.

Эскерте кетсек, кыргыз өлкөсүндө 2016-жылдын 1-февралынан тарта жарандар турак жайларын камсыздандыра алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан