Жогорку Сот парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу тууралуу токтомду жарыялады. Токтом менен бирге аталган депутаттардын мандатты мөөнөтүнөн мурун тапшыруу боюнча жазган арыздарынын көчүрмөсүн ачыкка чыгарды. Арыздардын көчүрмөсү компьютерде жазылып, депутаттардын колу коюлган.
Элмира Жумалиева буга чейин SUPER.KG менен байланышып, депутаттыктан баш тартууга эч кандай арыз жазбаганын, фракция жетекчилиги жасалма документ түзүп, шайлоо алдында талапкер катары партиянын ичинде жазган арызына коюлган колун (подпись) пайдаланганын айткан.
Айта кетсек, быйыл 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. БШК бул соттун токтомуна нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазып, Жогорку Сот 21-январда райондук соттун чечимин жокко чыгарып, БШК кабыл алган чечимди туура деп тапкан. Жыйынтыгында аталган эки депутат мандаттан мөөнөтүнөн мурун ажырады.