2015-жылдын акыркы айында өлкөдө азык-түлүк продукцияларынын баасында кескин өзгөрүү болбоду. Маалыматты 25-январда Экономика министрлиги кабарлап, картошканын арзандап жатышын акыркы 10 жылдын ичинде биринчи жолу рекорддук деңгээлде түшүм алынганы менен байланыштырды. Кумшекер жана өсүмдүк майы кымбаттаганы, буга дүйнөлүк кырдаал жана доллардын курсунун жогорулашы себеп болгону айтылды.
"Бишкек, Ош, Нарын шаарларын кошпогондо, аймактарда декабрда баалар дээрлик бир калыпта турду. Аталган үч шаарда сүт, жумуртка, жашылча-жемиш: сабиз, капустанын баалары мурунку айга салыштырмалуу бир топ кымбаттаган",- деп айтылат маалыматта.