Токтогулдун тургундары Социалдык фондго төлөмдүн жогорулашына нааразы

Токтогул районунун тургундары Социалдык фондго төлөмдөрдүн жогорулашына нааразы. Муну аталган райондун Өзгөрүш айылынын жашоочулары 25-январда Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев менен жолугушууда айтышып, бул аракет карапайым калктын көйгөйүнө айланганын белгилешти.

ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, депутат менен жолугушууда тургундар электр кубатынын зым карагайларынын, чубалгыларынын эскириши, таза суу жетишсиздиги сыяктуу бир катар социалдык көйгөйлөрдү да көтөрүштү. Артыкбаев алардын айрымдарына түшүндүрмө берип, калгандары боюнча өкмөткө тапшырма берилерин айткан.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары бул аптада аймактарда шайлоочулар менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан