Өткөн жуманын аягында Америка Кошмо Штаттарынын чыгыш жээгин "Жонас" бороону каптады. Ага 85 миллиондой адам кабылып, 7 миңден ашуун авиакаттамдар токтотулган. Метеорологиялык кызматтарынын маалыматына ылайык, кээ бир шаарларда кар 1 метрге чейин жааган.
Туристтерди тартып турган Нью-Йорк шаарында 23-январда бардык метролор, коомдук транспорттор токтоп, жергиликтүү бийлик маалымат каражаттары аркылуу элден сыртка чыкпоону өтүнгөнүн аталган шаардагы мекендешибиз кабарлады.
"Азыр аба ырайы жылуу, кар эрип жатат. Бул жакта кыш ар кандай болот, кээде жылуу болсо, кээде суук. Бирок мындай аба ырайы акыркы 10 жылда болгон эмес. Дем алыш күндөрү эле абал бир аз оор болбосо, азыр баары жайында. Коомдук унаа, метро иштеп, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, эл жумуштарына барып, көчөлөр тазаланып жатат. Ал эми жабыркагандар тууралуу азырынча уга элекмин. Андайлар болбосо деле керек, себеби бул жакта мындай кырдаалдарга даяр турушат",- дейт мекендешибиз Бактыгүл.
Аталган бороондон кийин өзгөчө кооздукка бөлөнгөн Нью-Йорк шаарынын сүрөттөрүн тартуулайбыз.