Кыргыз мамлекетинин көлмөлөрүндө 2015-жылы жалпы 1100 тонна балык өстүрүлүп, сатыкка чыгарылды. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, бул 2014-жылга салыштырмалуу 37 пайызга көп. Балык чарба департаменти республиканын балык чарбалык көлмө-сууларына, Ысык-Көлгө, Соң-Көлгө, Киров, Папан суу сактагычтарына балыктардын баалуу породаларынын (лосось, сига, карп) чабактарын коё берүү иштери аяктаганын кабарлады. Былтыр сууга жалпы 7806 даана чабак коё берилген.
Буга чейин Балык чарба департаментинин башчысы Самарбек Күчүков балык өстүрүүдө суу потенциалы боюнча Казакстандан кийин эле Кыргыз Республикасы турарын белгилеп, мамлекеттик суу көлмөлөрү инвентаризацияланып, Финляндия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн балык чарба ишканаларында тажрыйба алмашуу, адис даярдоо иштери жүрүп жатканын айткан.