Алмазбек Атамбаев Сот реформасы боюнча кеңештин курамынан Нарымбаевди, Лаврованы, Никитенкону чыгарды

Президент Алмазбек Атамбаев Сот реформасы боюнча кеңештин курамын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Соттун басма сөз кызматы жарыялады.

Жарлыкка ылайык, А.Атамбаев аталган кеңештин курамына төмөнкүлөрдү киргизди:

- Ниязов Фарид Абилезимович - КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси;

- Шадиев Аскарбек Алимбаевич - Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Жылкыбаев Узарбек Казиевич - Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясы (макулдашуу боюнча);

- Алимбеков Нурбек Каарыевич - Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан» фракциясы (макулдашуу боюнча);

- Сабиров Максат Эсенович - Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика - Ата Журт» фракциясы (макулдашуу боюнча);

- Жакупова Чолпон Идиновна - Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир бол» фракциясы (макулдашуу боюнча);

- Токбаева Айнаш Абдымановна - КРнын Жогорку Сотунун төрайымы (макулдашуу боюнча);

- Айжигитов Дастанбай Абдирашитович - Судьялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Касымалиев Адылбек Алешович - КРнын Каржы министри.

Мындан тышкары ушул эле жарлык менен Сот реформасы боюнча кеңештин курамынан Данияр Нарымбаев, Токтогул Туманов, Наталья Никитенко, Эристина Кочкарова, Феруза Жамашева, Жакып Абдырахманов, Ольга Лаврова чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан