Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн айрым жашоочулары таштандыларды туш келди таштагандын айынан арыктар толуп, суу жол жээктерин жана тепкичтерди каптап кетүүдө. Бул тууралуу "Ош-Тазалык" ишканасынан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Ош-Тазалык" ишканасынын бул аймакка бөлүнгөн жумушчулары күнүгө шыпырып, тазалап турушат. "Кыргыз көчү" деп аталган аймакка үлпөт тойго чыккан жаштар келип, ар кандай таштандыларды таштап кетишет. Анан дагы шаардан чыккан айдоочулар унаа менен баратып ар кандай тамак-аштын калдыктарын, ичимдиктердин бош идишин ыргытып кеткен учурлар кездешет. Ал эми таштанды жаткан аймакты "Ош-Тазалык" ишканасынын жумушчулары күндө эле тазалап турушат. Жол боюндагы арыктар Шаарды жашылдандыруу чарба-комбинатына караганы үчүн алар да тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө",- дейт аталган ишкананын кызматкери Динара Касымова.
Эскерте кетсек, 23-январда окурман Ош шаарынын кире беришиндеги арканын жанындагы арыктар тазаланбай, суу тепкичтерди бузуп жатканын WhatsApp аркылуу кабарлаган.