Бишкек-Ош унаа жолунда автокырсыктан 3 адам каза болду
10-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 507-чакырымында Хонда, MAN, Мерседес унаалары кагышып, жыйынтыгында Майлуу-Суу шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Абдисаттар Сайдуллаев каза болду. Ошол эле күнү Бишкек-Ош жолунун 22-чакырымында Хонда Аккорд унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жыйынтыгында Базар-Коргон районунун тургуну Нуркамил Жумабаев жана аты тактала элек бир адам каза болду.