2015-жылы кызмат көрсөтүүлөрдөн жана Мамлекеттик каттоо кызматынын салыктарын төлөөдөн өлкө казынасына 591 миллион 600 миң сом түштү. Бул маалымат Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайтында жарыяланды.
Бул көрсөткүч 2014-жылдыкынан (935 миллион 200 миң) 343 миллион 600 миң сомго төмөн. Алардын ичинен:
- мамлекеттик салымдар жана салыктар 587 миллион 100 миң сомду түзүп, 2014-жылдагыдан 344 миллион 600 миң сомго аз;
- жеке киреше салыгы 4 миллион 500 миң сомду түзүп, 2014-жылдагыдан 1 миллион 100 миң сомго аз болду.