2015-жылы Ош шаарында 23 ишкана ачылды: 5 өнөр жай ишканасы, 10 кызмат көрсөтүү, 7 соода-сатык багытында жана 1 автотетиктер базары. Маалымат 27-январда Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында айтылганын мэриядан кабарлашты.
"Жалпысынан бул ишканаларда 90 миллион сомдон жогору инвестициялар тартылып, 1223 иш оруну түзүлдү. Мисалы: 2015-жылы тышкы инвестицияларды тартуу менен ишканалардын биринде Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп түстүү телевизорлорду чыгаруу жолго коюлду. Буга чейин бул ишкана кир жуугуч машиналарды чыгарып келген. Быйыл муздаткычтарды жана газ плиталарын чыгаруу пландалууда",- деп билдирет мэрия.