Үстүбүздөгү жылдын 23-январында Орусиянын Красноярск шаарында Красноярск элдеринин достук үйү ачылып, ар кайсы улуттун, анын ичинде кыргыз элинин да кол өнөрчүлүгү, тиричилик буюмдары, даамдары жана улуттук кийимдери көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз улуттук-маданий автономиясынын төрайымы Назгүл Батаева кабарлады.
"Красноярск шаарында мындай объектти ачуу зарылчылыгы бар болчу. Биз Достук үйү улуттар арасындагы мамилелерди бекемдейт деген ойдобуз",- дейт Назгүл Батаева.
Достук үйүн ачкандардын башкы максаты - тарых жана маданият тууралуу маалымат берүү, чет тилдерди үйрөтүү жана тамак-аштарды жасоо боюнча мастер-класстарды өткөрүү, бирге окуп бири-бирин жакшы түшүнүү. Ачылыш аземине Красноярск крайынын губернатору Виктор Толоконский да келип, диаспоралардын өкүлдөрү менен жолукту.
Маалыматка ылайык, аталган шаарда бүгүнкү күндө 159 улуттун өкүлдөрү жашайт.