2015-жылы 53 048 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында министр Эльвира Сариева билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү бардык 23 мамлекеттик жогорку окуу жайы 2015-2016-окуу жылына бюджеттик орундарга абитуриенттерди ЖРТ аркылуу кабыл алган. "Былтыр тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы 114,6 балл болду. 2014-жылы бул көрсөткүч 104,9 балл болгон",- деди Сариева.
"Коррупциянын алдын алуу максатында экзамендер өткөрүлүүчү аудиторияларды видеобайкоо системи орнотулууда, студенттердин сабактарга келгенин каттоо системи киргизилүүдө",- деп баса белгиледи министр.