2015-жылы кыргыз жеринде төрөлгөн ымыркайлардын саны 8,1 пайызга кыскарды

Былтыр Кыргыз Республикасында төрөлгөн ымыркайлардын саны 2014-жылга салыштырмалуу 8,1 пайызга кыскарды. Маалымат 27-январда Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин Медициналык кеңешинин коллегиялык жыйынында айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында департаменттин 2015-жылы жасаган иштери жана быйылкы иш пландары талкууланды. Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыровдун айтымында, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө төрөлгөн ымыркайлардын саны 8,1 пайызга кыскарса, өлүмдүн көрсөткүчү 7,6 пайызга азайган. Былтыр жаш балдардын каза болушу 10,1 пайызга кыскарганы айтылды. Маалыматка таянсак, 2015-жылы 7 эненин өлүмү катталып, 2014-жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга төмөндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан