Аскар Акаевдин агасы Асанкул Акаевдин сөөгү Кызыл-Байрак айылына коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатууга маркумдун жакын санаалаштары жана туугандары катышышты.
Асанкул Акаев 26-январда Бишкекте оорудан улам көз жумган. Асанкул Акаев Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын эки жолку чакырылышына депутат болгон. Ал Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында 1939-жылы туулган.
Эске сала кетсек, мурунку президент Аскар Акаев каза болгон агасы Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатууга келе албагандыктан, анын ордуна уулу Илим Акаев учуп келген.