Мамлекеттик орган: "Автоунааларды камсыздандыруучу жеке компаниялар ишеничтүү"

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу аракети коомдо кызуу талкууланууда. Көпчүлүктө камсыздандыруу ишинин жеке компанияларга берилишинен күмөн санап, "акчаны жыйнап алгандан кийин алдап кетиши мүмкүн" деген кооптонуу бар.

Каржы рыногун көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы камсыздандыруу компаниялары катуу көзөмөлдө болорун айтууда. "Камсыздандыруу милдеттүү түрдө болгондуктан, айдоочулар автоунаасын камсыздандырбай жүрө алышпайт. Бүгүнкү күндө камсыздандыруу компанияларынын уставдык капиталдары, активдери алардын каржылык жактан туруктуу экендигин көргөзөт. Компаниялардын алды бул рынокто 20 жылдан бери иштеп жатышат. Аларга көзөмөлдү катуу жүргүзөбүз",- деп билдирди мекеме.

Өлкөдө 17 камсыздандыруучу компания иштейт.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 7-февралында автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга түрткөн мыйзам күчүнө кирет. Бирок унаасын камсыздандырбагандарга айып салуу 2018-жылы гана башталат. Ага чейин камсыздандыруудан өткөрүү же өткөрбөө айдоочулардын эркинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан