Жогорку Кеңештин делегациясы Страсбург шаарындагы ЕКПАнын сессиясына катышууда

Жогорку Кеңештин делегациясы 25-январдан бери Франциянын Страсбург шаарында Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги сессиясынын ишине катышып жатат. ЖКнын маалымат кызматынан 28-январда билдиришкендей, иш-чара Кыргыз Республикасынын "демократия боюнча өнөктөш" статусуна ээ болушунун алкагында өтүүдө.

Парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкина жетектөөдө. Делегация курамында депутат Чолпон Султанбекова да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан