Өлкөдө карышкыр аткандарга 6000 сом сыйлык, ошол карышкырдын териси берилет

2015-жылы өлкөдө илбирс, тоо текелерди атканы үчүн 4 киши сот жообуна тартылды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаевдин айтымында, азыркы учурда ак илбирс аткандарга 500 миң сом айып пул салынат. Муну 1 миллион сомго жеткирүү сунушталууда.

Департамент башчысы карышкыр аткандарга сыйлык катары 6000 сомдон колдоо көрсөтүү боюнча өкмөттүн токтому даярдалып жатканын кошумчалады. Буга чейин деле мындай токтом болгону менен, иштебей келгенин айткан Мусаев:

“Карышкыр, чөө аткандарга эми мурдагыдай 5 миң сом гана берилбей, ошол 6000 сомдук колдоого кошуп атылган карышкырдын териси кошо тартууланганы жатат”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан