Автоунааны камсыздандырган компаниянын ээси качып кетсе же банкротко учураса, камсыздандыруу атайын фонд тарабынан төлөнөт. Бул тууралуу 29-январда Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов SUPER.KG порталына билдирип, фонд тууралуу маалымат берди.
"Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесине караштуу кепилдик төлөмдөрүнүн фонду түзүлөт. Камсыздандыруу компаниясы банкрот болсо, автоунаасын камсыздандырган жаранга акчаны ошол кепилдик төлөмдөрүнүн фонду төлөп берет. Коомдук бирикме тарабынан кепилдик төлөмдөрүн ишке ашырууга зарыл документтерди берилгенден кийин чечим кабыл алынат",- дейт Байбосунов.
Компаниялар камсыздандыруудан түшкөн пайданы өкмөт менен бөлүшпөйт. Түшкөн пайданын 2 пайызы гана сатуудан түшкөн салык катары өкмөткө берилери айтылды.