Президент Алмазбек Атамбаев "2013-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек - Ош унаа жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.
Документ 2015-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Максаты - өлкө аймактарынын арасында үзгүлтүксүз транспорттук карым-катнаштарды камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күндөн кийин күчүнө кирет.