"Милицияда иштегендер кызматтан көтөрүлүш үчүн тааныш издебеши керек" дейт өкмөт башчы

Милициянын ишинде атаандаштыкты камсыз кылуу зарыл. Мындай пикирди премьер-министр Темир Сариев 29-январда Ички иштер министрлигинин 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында билдирип, ички иштер кызматкерлерин даярдоодогу кемчиликтерди атады.

"Милиция кызматкерлеринин кызматтык тепкич боюнча жогорулашында коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбөөгө тийиш. Кызматкерлер тааныш издеп кызматынан көтөрүлөм дебестен, ишинин тактыгына жараша кызматынан көтөрүлгөнгө ишеним болуш керек. Кадрларды даярдоо боюнча ачык-айкындыкты жана атаандаштыкты камсыз кылуу зарыл",- деди Сариев.

Премьер милициянын кадыр-баркын көтөрүүдө кадрлардын мааниси чоң экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан