Парламент депутаты Өмүрбек Текебаев Бишкектин айланасынан мыйзамсыз басып алынган жерлерге курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракетин улантат. Муну бүгүн, 29-январда "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгынан билдиришти.
Фракция 2015-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин 22 мыйзам долбоорун даярдаганын айткан Текебаев буларды белгиледи:
"Адам өлтүрүп түрмөдө отурган кылмышкерлерге жыл сайын мунапыс жарыялап, түрмөдөн бошотобуз. Мыйзамсыз жер басып алып үй курган карапайым жарандарга чейрек кылымда бир жолу мунапыс жарыялап коюуга эмне үчүн болбойт? Алардын үйлөрүн мыйзамдаштыруу кайрадан жер басып алууларга түртпөйт. Биз мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүдөн өткөн жер тилкелерин гана мыйзамдаштырууну сунуштап жатабыз. Мыйзам долбоорун парламентке кайра киргиздик, аларга Кызыл китебин чыгарып берүү маселеси чечилет".
Демилге парламенттен колдоо тапса, Бишкектин четиндеги конуштарда жайгашкан 3600гө жакын үй мыйзамдаштырылышы мүмкүн. Нарында да 5 миңге жакын мыйзамдаштырыла элек үй бар экени айтылат маалыматта.