Президент: "Алдыбызда улуттук маданиятты өнүктүрүү боюнча маанилүү иштер турат"

Бишкекте бүгүн, 29-январда президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү кеңешинин биринчи жыйыны өттү. Өлкө башчысы Кыргыз Республикасы кыйынчылыкты басып өтүп, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгиледи.

"Эми мамлекеттин алдында улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча маанилүү милдеттер турат. Маданиятты, руханий баалуулуктарды жоготуу мамлекетке жана коомго ири кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Маданиятты өнүктүрбөй туруп мамлекетибиздин башкы байлыгы - адамдык потенциалды сапаттуу курууга жетишүү мүмкүн эмес",- деди президент.

Мамлекет башчы маданиятты өнүктүрүү боюнча буларды кошумчалады:

"Кеңештин мүчөлөрү мамлекет улуттук маданиятты өнүктүрүүдө маданият жана искусство ишмерлерине, жаш муунга кантип жардам берерин ойлонушу керек. Биз маданиятты колдоо, маданий иш-чараларды даңазалоо боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышыбыз шарт".

Эскерте кетсек, эки күн мурун президент Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Кеңештин курамына чыгармачыл интеллигенциянын, коомчулуктун, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди: Гүлмира Кудайбердиева - вице-премьер-министр, Тургунбай Садыков - скульптор-монументалист, Түгөлбай Казаков - композитор, публицист, Кыяс Молдокасымов - тарыхчы, Садык Шер-Нияз - Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрагасы, Эгемберди Эрматов - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан