Каржы министри: "2015-жылы республикалык бюджет 100 пайызга аткарылды"

Кыргыз мамлекетинде 2015-жылы республикалык бюджет 100 пайызга аткарылды. Муну 29-январда Каржы министрлигинин коллегиялык жыйынында министрликтин башчысы Адылбек Касымалиев билдирип, 2015-жыл саясий жактан алганда оор жылдардын бири болгонун белгиледи.

Министр электрондук мамлекеттик сатып алуулар боюнча абдан көп сунуштар түшүп жатканын, жер-жерлерде “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. "Каржы министрлигинин кандай иштеп жатканы аймактык каржы жана казына бөлүмдөрүнүн ишине да байланыштуу. Андыктан ар бир аймактык бөлүмдүн быйылкы иш планын жеке өзүм карап чыгам",- деди Касымалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан