Премьер-министр Темир Сариев 29-январда Ички иштер министрлигинин 2015-жылдын ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында: "Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү тарыхый туура чечим болду",- деди.
“Учурда бул уюмга мүчө өлкөлөрдө убактылуу кыйынчылыктар болуп жатат. Бирок Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болушу тарыхый туура чечим болду. Эгер биримдикке кирбегенде, кыргыз өлкөсүндө мындан да оор кырдаал жаралмак”,- деди Сариев.
Премьер-министр Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине кирүү менен эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча маселени чечүүгө мүмкүн болгонун айтты. Өкмөт башчы жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып 2015-жылдагы эң ири жетишкендиктердин бири катары саясий туруктуулукту сактоо менен туруктуу өнүгүүгө карай бет алууну атады. Мында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактап берген ички иштер кызматкерлеринин ролу жогору болгонун премьер-министр белгилеп, бул жаатта ишти улантуу керектигин билдирди.