Франциянын Страсбург шаарындагы Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги сессиясынын ишине катышып жаткан депутаттар Галина Скрипкина, Чолпон Султанбекова баш болгон делегация ассамблеянын жаңы төрагасы П.Аграмунт менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы 29-январда билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы шайланган төрагага парламенттик делегациянын мүчөлөрү Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын “демократия боюнча өнөктөш” статусунун алкагында парламенттер аралык кызматташтык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө ишеним арта тургандыктарын айтышты. Мындан сырткары парламенттик ассамблеянын Маданият, илим, билим жана ММК боюнча комитетинин катчысы Р.Фасино, Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин катчысы П.Шевченко менен да жолугушуп, кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты.