Бишкектин 400гө чукул окуучусу кар үстүндө аркан тартып, кардан Аяз ата жасап таймашышты (фоторепортаж)

30-январда Бишкек шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Стрельников айылында "Баары лыжага" деген аталышта спорттук иш-чара болуп өттү. Шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурган иш-чарага 400гө чукул окуучу катышып, күч сынашышты.

Мелдештин алгачкы бөлүгүндө командалык жарыштар, эстафета, аркан тартыш, таамай атуу, бука тартыш жана таяк тартыш орун алды. Ошондой эле кардан Аяз ата жасоо боюнча сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Андан кийин лыжа жарышка орун берилди. Жеңүүчүлөр аталган комитеттин сыйлыктары менен сыйланышты.

"Ден соолук - элдин башкы байлыгы" деген ураан алдында өткөн мелдешти борбор шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Абдужалил Юнусов ачып беришти. Алар башта окуучулар менен чогуу бийлеп, баарлашып, ийгиликтерди каалашты.

Мелдеш өлкөдө кышкы спорт түрлөрүн жайылтуу, жаштарды дени сак жашоого үндөө максатында өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
malywka
2016-01-31 16:32:18
Ушундай иш чараларды бат баттан уюштуруп турушса жакшы болмок
+4
misha12
2016-02-01 02:34:10
мына монтип спорторду уйуштуруп тура жакшы болот
+2
koshnazar
2016-02-01 08:19:31
жакшы жоролго ушундай иш чараларды арбир айылдарга откорсо жакшы болмок
0
beben
2016-02-01 09:19:01
Кандай жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан