Республикалык бюджеттин 2015-жылы аткарылышынын жыйынтыктары тууралуу маалымат жактырылды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 1-февралда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2015-жылы аткарылышынын жыйынтыктары тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду.

Жыйында депутаттар 2015-жыл негизинен бюджетти аткаруу боюнча жакшы жылдардан болгондугун белгилешип, ошол эле учурда каржылоо багытында бир катар маселелерди тартипке салуу керектигин айтышты. Депутат Сайдулла Нышанов социалдык объектилердин курулуштарына акча каражаттары кечиктирилип которулгандыгына токтолуп, анын кесепети курулуштун сапатсыз болушуна таасир этип жатканын айтты. “Айрым социалдык объектилерди куруу, жолдорду оңдоо сыяктуу тармактарга акча каражаты октябрь, ноябрь айларында которулуп жаткан учурлар бар, бул айларда бизде аба ырайы суук болуп, натыйжада курулуш сапатсыз болуп жатат. Ошондуктан бюджетте бекитилген курулуштарга климаттык шартка карап, март, апрель айларында каржы маселесин чечүүнү сунуштаймын”,- деди депутат Нышанов.

Талкуунун соңунда депутаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2015-жылы аткарылышынын жыйынтыктары тууралуу маалыматты эске алып, жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан