Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка КРнын Премьер-министри Темир Сариев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ж.Жалалов өз милдеттерин аткара албай жатканын айтып, 1-февралдан тартып кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган. 2015-жылдын 25-декабрындагы өкмөттүн жыйынында Баткен шаарынын мэринин иши канааттандырарлык эмес деп табылган эле.