Москвадагы өрткө байланыштуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Орусияга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Москва шаарындагы өрткө байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 1-февралда билдирди.

Жыйындын ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бактыбек Адылов жана Кыргыз Республикасынын Каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков катышты. Премьер-министр өкмөт каза тапкандардын үй-бүлөсүнө колдон келген көмөктү көрсөтүшү зарыл экенин айтты.

Өкмөт башчы тышкы иштер министрине аталган маселени жеке көзөмөлгө алып, маалыматты үзгүлтүксүз маалымдоо тапшырмасын берди..

Ошондой эле жыйын жүрүшүндө сөөктү мекенине жеткирүү, каза болгон жарандардын жакындарына тийиштүү көмөк уюштуруу, анын катарында медико-психологиялык көмөк көрсөтүү маселесин карап чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары учурда вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жабыркагандарга тийиштүү көмөк көрсөтүү максатында Москва шаарына жөнөп кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан