ЕАЭБге кошулуу алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында жана 2015-жылдын 22-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-жылдын 15-мартындагы Евразия экономикалык биримдигине кошулуу процессинин алкактарында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 24-декабрында кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Орусия Федерациясынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан