Тармактык комитет өкмөттүн доллар менен ипотека алган жарандарга колдоо көрсөтүү демилгесин жактырды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өкмөттүн доллар менен ипотека алган жарандарга колдоо көрсөтүү демилгесин жактырды. Өкмөттүн демилгеси тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын банктарынан 40 миң долларга чейинки ипотека алган жарандарга доллардын кымбаттоосунан келип чыккан айырманы өкмөт каржылап берерин, башкача айтканда, 61 сомдон жогорусун өкмөт, калганын жарандар өздөрү төлөшөрүн айтты. Министр аталган айырманы төлөө үчүн өкмөт тарабынан каржы булагы аныкталып, 574 миллион сом каражат каралганын жана ал каражат бүгүнкү күнү 40 миң долларга чейинки турак жай алган 2864 жаранга жумшаларын, бул доллар менен ипотека алган жарандардын 64 пайызды түзөрүн кошумчалады.

Депутаттар турак жай алуу үчүн доллар менен ипотека алган жарандарга колдоо көрсөтүү керектигин айтышып, бирок бул каржылоодо коррупциялык элементтер болуп кетүүсүн алдын алуу керектигин эскертишип, өкмөттүн демилгесин колдошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан