Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугуна коркунучтарга тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун адистеринин (эксперттеринин) биргелешкен топторун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 2-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам 2015-жылы 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Ратификацияланган макулдашуунун максаты биргелешкен топту түзүүнүн, колдонуунун жана ишмердигин токтотуунун тартибин аныктоо болуп саналат.
Топтун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- тышкы чек арада чек ара коопсуздугун камсыз кылууга иш жүзүндө жардам көрсөтүү;
- чек ара коопсуздугуна коркунучтарды анализдөө;
- тышкы чек арада түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат топтоо.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.