Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2006-жылдын 28- ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жазык-сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу 2-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-декабрында кабыл алынган.
КМШ өлкөлөрүндө жазык-сот өндүрүшүнүн катышуучуларын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу макулдашууну ратификациялоонун максаты болуп саналат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.