Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 2-февралда радиолордун биринде маек берип жатып: "Бийик тоолуу аймактагылар тууралуу мыйзамдын негизги максаты – иретке салуу жана адилеттүүлүктү орнотуу",- деди.
Темир Сариев бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр үч категорияга бөлүнүп, бул маселе көп убакыттан бери талкууларды жаратып келгенин айтып, 2013-жылы Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өкмөткө аталган маселени тактап, аныктоо боюнча тапшырма бергенин кошумчалады. Анын негизинде өкмөттө атайын мекемелер аралык комиссия түзүлүп, иштеп баштаган.
Премьер-министр бул мыйзам долбоору алыскы аймактардагы жарандардын социалдык жеңилдиктерден ажыратуу эмес, бул жааттагы айрым тактоолорду киргизүү менен иретке салуу максатын көздөй турганын билдирди.
"Учурда өлкөдө 1870 айыл бар, 789 атайын тизменин негизинде "бийик тоолуу жана алыскы аймактагы айыл" деп аныкталган. Алардын арасында 2000 метр бийиктеги айрым айылдар кирбей калган, ошондой эле азыркы маалда жолдор салынып, алыскы аймактарга маалымат жетүү боюнча өзгөрүп жатат. Буга байланыштуу иретке келтирип, тартипке салуу зарылчылыгы туулду",- деди өкмөт башчы.