ИИМ. Ушул тапта элдин колунда 7618 даана травматикалык курал бар

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Куралдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбоору боюнча ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев баяндама жасады.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору кабыл алынса, жарандар травматикалык куралдарды сатып алгандан кийин аны жүгүртүү жүрүмүн көзөмөлдөөгө, анын ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө өбөлгө түзүлөт.

Орозалиевдин маалыматына ылайык, ушул тапта элдин колунда 7618 даана травматикалык курал бар. Травматикалык курал мүнөзү боюнча газдуу куралга караганда оор жаракат келтирет. 2000 чамасындагы травматикалык курал 30дай мергенчилик дүкөндөрүндө сатыкта турат.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгилешти. Мыйзам кабыл алынса, травматикалык куралды колдонуу менен жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын өсүшүнө бөгөт боло турганы айтылды. Депутат Бахадыр Сулеймановдун сунушу менен аталган мыйзам долбоорун 2-3-окууларда жактыруу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан